Эскерте кетсек, Аскат Жетиген 2024-жылдын мартында кармалган. Ага эки берене боюнча айып коюлган: 278 (Массалык башаламандыктарга чакырык жасоо) жана 327 (Бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо). Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-мартта аны тергөө абагына камаган.

Фото Архивден алынды. Аскат Жетиген

Кийинчерээк, 2024-жылдын 1-июлунда Бишкектин Свердлов райондук соту аны 278-берене боюнча актап, бирок 327-берене боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. 2024-жылдын 17-октябрында Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. 2025-жылдын 18-мартында Жогорку сот Аскатты акыркы чечим менен түрмөдө калтырган.

Укук коргоочунун билдиришинче, кармалгандан кийин Аскат адвокатына, андан соң сотко УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын айткан.

«2024-жылдын 12-апрелинде Аскер прокуратурасы кыйноолор тууралуу арызды эмнегедир өз алдынча иликтөөгө эмес, дал ошол УКМКнын өздүк коопсуздук кызматына кызматтык текшерүүгө жөнөткөн. Өз кызматкерлерине карата арыз түшкөн ведомствонун өзүнө берген. 2024-жылдын 26-июлунда прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарган. Ошондон бери Аскат жана анын адвокаты прокуратуранын баш тартуу чечимдерин улам арызданып келишет. Анын СИЗОдо жана түрмөдө отурган бүткүл убактысында бир дагы прокурор андан кабар алып, кыйноо фактысы боюнча жагдайды аныктаган эмес»

, — деп кошумчалайт Гүлшайыр Абдирасулова.