Айлыктарды жогорулатуу 3 миң 400дөн ашык кызматкерди камтыды. Алардын арасында төмөнкү мекемелердин кызматкерлери бар:

Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору;

Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборлору;

«Келечек» борбору жана «Балдар үчүн ишеним телефону» кызматы;

Протездик-ортопедиялык ишкана жана аймактык бөлүмдөр.

Чечимге ылайык, кызматтык айлык акылардын коэффициенттери жогорулатылды. Мындан тышкары, кошумча төлөмдөр киргизилди: административдик, негизги жана көмөкчү персонал ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлери 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация алышат.

Министрликтен белгилешкендей, айлык акыны жогорулатуунун кезектеги этабы 1-сентябрга пландаштырылган. Ал башка аймактык бөлүмдөргө тиешелүү болуп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жалпы жогорулатуунун алкагында ишке ашат.