Кыргызстанда бийик тоолуу аймакта жашаган 29 миңге чукул бала жөлөк пул алат
Үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата республика боюнча «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алуучулардын жалпы саны 28 миң 538 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.