Ага ылайык, жөлөк пулду тариздөө үчүн төмөнкү документтерди керек болот:

ата-энесинин ЖИНи (ПИН) көрсөтүлгөн паспортунун көчүрмөсү же кайрылман күбөлүгү;

баланын ЖИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарында, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын болгон зоналарда жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашагандыгын тастыктаган «Санарип аймак» тутумундагы жашаган/жүргөн жери боюнча каттоосу тууралуу маалымат;

эгерде ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу үчүн Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары менен кайрылган учурда — балага таризделген КР паспорту же КР жарандыгына таандык экендигин тастыктаган маалымкат.

Арыз ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан берилген учурда төмөнкүлөр талап кылынат:

жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;

балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-июлдан тарта «Бала ырысы» жөлөк пулун чектөө жана төлөө үчүн документтерди кабыл алуу башталат.