Кечиктирилген тестирлөөгө каттоо же кайра каттоо 9-июндан 17-июнга чейин пландаштырылган. Тесттин өзү 19-июндан 21-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт.

Бул тестирлөөгө катталууга 2026-жылдагы ЖРТга катышпаган абитуриенттер укуктуу. Ал эми үстүбүздөгү жылы тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттерге кирүүгө уруксат берилбейт.

Бул тестирлөөгө каттоо же кайра каттоо төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек шаарында — № 24 мектепте, дареги: Тыныстанов көчөсү, 110;

Ош шаарында — шаардык билим берүү бөлүмүндө, дареги: Супаналиев көчөсү, 308.

«Эгерде абитуриент 2026-жылдагы ЖРТга катталып, бирок ар кандай себептер менен катышпай калса жана анын каттоо номери болсо, анда ал кечиктирилген тесттин каттоо пунктунан кайра каттоодон өтүшү керек. Кайра каттоо ошондой эле мамлекеттик тил же предметтик тесттерди тапшырууга жетишпей калгандарга да зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Мындай абитуриенттер № 3 форманы (тестке кирүү талону), ошондой эле паспортун ала келиши керек. Эгерде абитуриент 16 жашка толо элек болсо жана паспорту жок болсо, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана мектеп директору тарабынан тастыкталган, мектептин мөөрү басылган сүрөтү бар маалымкатты көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде кирүү талону жоголуп кетсе, абитуриент дубликат алуу үчүн кечиктирилген тесттин каттоо пунктунда арыз жазышы керек. Жанында 3×4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөтү болушу шарт.

2026-жылдагы ЖРТдан четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер каттоого жана кайра каттоого киргизилбейт.

Каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

«Элдик Банктан» алынган квитанция же «О!Деньги» мобилдик тиркемеси аркылуу төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;

Инсандыгын ырастаган документ: паспорттун түп нускасы же аскердик билет. Инсандыгын ырастаган документи жок абитуриенттер тестке киргизилбейт;

Орто билим тууралуу аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом. 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрү бүтүрүүчү экени жөнүндө маалымкат бериши керек. Маалымкат мектеп директору тарабынан күбөлөндүрүлүп, мектептин мөөрү басылышы керек. Ошондой эле анда бүтүрүүчүнүн сүрөтү болуп, анын үстүнө мектептин мөөрү басылышы шарт.

Эске салсак, 2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

Үстүбүздөгү жылы тестке катышуу үчүн 64 миңден ашык абитуриент катталган.