Анын берген маалыматына караганда, иштин алгачкы сааттарынан баштап эле 700дөн 10 миңге чейин арыз келип түшкөн.

«Статистика боюнча өлкөдөгү калктын 38 пайызын балдар түзүп, 3 жашка чейинки балдардын саны 440-470 миңди түзөт. Жөлөкпулга арыз берүү мобилдик тиркеме жана аймактык башкармалык аркылуу жүргүзүлөт. Жарандар июль айында арыз берип башташса, август айынан тартып жөлөкпул берилип баштайт. Жөлөкпулду эки мамлекеттик банк — «Элдик Банк» жана «А банк» аркылуу алса болот», — деди министрдин орун басары.

Маалыматка ылайык, аталган жөлөк пул «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамдын негизинде дайындалып, анын өлчөмү ар бир 3 жашка чейинки балага ай сайын 1200 сомду түзөт.

Жөлөк пулду алуу үчүн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр белгиленген формадагы арызды, паспортту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана башка зарыл документтерди тапшыруусу керек.