Мотуев 2000-жылдардын орто ченинде Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кенин иштетип жүргөн кезинде абдан белгилүү болгон. «Жоогазын революциясынан» кийин ал мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасындагылар менен байланышы бар жетекчиликтин табигый байлыктарды тескөөгө укугу жок экенин айтып, ишкананы өз көзөмөлүнө алган. Кара-Кечени басып алгандан кийин Нурлан Мотуевдин артынан «көмүр падышасы» деген лакап ат калган. Ал өзү да буга каршы болгон эмес.

2006-жылдын жазында Мотуев ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөө ошондой эле 168 миң тоннага жакын көмүр жетишпегенин жана зыяндын көлөмү 71 миллион сомдон ашык деп бааланганын билдирген. Мамлекет кенди кайра өз көзөмөлүнө алган. Ал саясий иштерге да жигердүү аралашып, маселен, 2009-жылы Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон. Шайлоодо ал шайлоочулардын бир пайыздан бир аз азыраак добушун алган. Акыркы жылдары «көмүр падышасы» социалдык тармактарды активдүү барактап келген.