- Движение на трассе Ош-Сары-Таш-Эркечтам полностью восстановлено
- Сель сошел на 58-200 км дороги из-за сильного дождя в Алайском районе
- Дорога была очищена за 1.5-2 часа с помощью спецтехники Минтранса
Ош — Сары-Таш — Эркечтам автожолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кече саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан кийин унаа жолдун 58-200-чакырымдарында сел жүргөн. Буга байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу кыйындаган.
Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Транспорт министрлиги атайын техникаларды тартып, алар кыска мөөнөттүн ичинде жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалашты.
«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жол 1,5-2 сааттын ичинде тазаланып, убактылуу чектөөлөр алынды», — деп билдирди Транспорт министрлиги трассадагы кыймыл толугу менен калыбына келтирилгенин кошумчалап.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий