Кээ бир багыттар жана адистиктер үчүн негизги тесттин босого баллдары айырмаланат:
Педагогикалык билим берүү багыттарына адистиктерине — гранттык (бюджеттик) орундарга 130 упай жана келишимдик бөлүмдөргө 115 упай;
Саламаттыкты сактоо тармагындагы багыттарга адистиктерге — гранттык орундарга 120 упай жана келишимдик бөлүмдөргө 110 упай;
Айыл чарбасы жана айыл чарба илимдери багыттарына адистиктерине — гранттык орундарга да, келишимдик бөлүмдөргө да 100 упай.
I, II топтогу майыптарды, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, тоголок жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары, гранттык жана келишимдик орундарга кабыл алуу үчүн негизги тест боюнча босого упай 90ду түзөт.
Айнура Исиралиева кошумчалагандай, жогорку окуу жайларында жалпысынан 10 миң гранттык орун бөлүнөт, анын ичинде:
350 орун — эл аралык келишимдерди аткаруу үчүн;
50 орун — ЖРТнын «алтын сертификатынын» ээлери үчүн;
75 орун — этникалык кыргыздар үчүн каралган.
Жогорку окуу жайларына кабыл алуу «Абитуриент Онлайн» платформасында онлайн режиминде жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, ЖОЖдорго кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде ишке ашырылат.
2026-жылы ЖРТны 70 миңге жакын адам тапшырды. Алардын 67 пайызы 110 баллдык босогодон өтүп, ЖОЖдорго кабыл алуу сынагына катыша алышат.
2026-жылдан тарта тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге тапшыруу үчүн да милдеттүү болуп калды.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий