Ага ылайык, парламенттин чыгымдарынын негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган. Алты айдын ичинде бул максаттарга 838,8 миллион сом багытталган. Буга эмгек акы, үстөк акылар, кошумча төлөмдөр жана компенсациялар, ошондой эле Социалдык фондго чегерүүлөр кирет.

Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы. ЖКнын чыгымдары биринчи жарым жылдыкта 980 миллион сомдон ашты

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жана пайдаланууга Жогорку Кеңеш 104,9 миллион сом короткон. Бул суммага иш сапарлары, байланыш кызматтары, мүлктү күтүү, товарларды сатып алуу жана өкүлчүлүктүү иш-чаралардын чыгымдары кирди.

Алсак, кызматтык иш сапарларга 16,4 миллион сом сарпталса, анын 14,6 миллион сому чет өлкөлүк сапарларга жумшалган. Өкүлчүлүк чыгымдары 71 миллион сомду, ал эми байланыш кызматтары дээрлик 3 миллион сомду түздү.

Мындан тышкары, биринчи жарым жылдыкта парламент мүлк жана жабдууларды сатып алууга 42,7 миллион сом багыттаган. Анын ичинде компьютердик жабдууларды сатып алууга 22,7 миллион сом, эмерекке 19,5 миллион сом сарпталган.

Резервдик фонддун чыгымдары отчеттук мезгилде 36,5 миллион сомду түздү.

Ошентип, биринчи жарым жылдыктын чыгымдарынан кийин Жогорку Кеңештин карамагында 2026-жылдын аягына чейин 890,8 миллион сомго жакын каражат калды.