- Жогорку Кеңеш 8-чакырылыштын биринчи сессиясын аяктады
- Депутаттар жайкы эс алууга тарашты
- Жыл башынан бери 145 мыйзам долбоору кабыл алынган
- 94 мыйзамга президент кол койгон
- Иш сентябрь айында уланат
Парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача токтолду. Төрага белгилегендей, сессия учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынды.
Жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө президент тарабынан кол коюлган.
23 — Жогорку Кеңештин депутаттарынан;
Сессия аяктагандан кийин жыйындар залында оркестр Кыргызстандын гимнин аткарды.Эл өкүлдөрү жайкы эс алуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий