Парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача токтолду. Төрага белгилегендей, сессия учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынды.

Жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө президент тарабынан кол коюлган.

23 — Жогорку Кеңештин депутаттарынан;

Сессия аяктагандан кийин жыйындар залында оркестр Кыргызстандын гимнин аткарды.Эл өкүлдөрү жайкы эс алуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышат.