Эксперт бөлмөнү дайыма желдетип турууну жана суюктук ичүүнү көзөмөлдөөнү — саат сайын болжол менен 200–250 грамм суу ичип турууну сунуштады. Ошондой эле тамактануу рационунан оор, майлуу жана куурулган тамактарды, ошондой эле жолдо баратып тез-татым жегенди алып салуу керек.

Аптаптуу күндөрү ысык чай ичүү пайдалуу, ал магний жана натрий сыяктуу микроэлементтердин жоготууларын толуктоого жана жүрөк-кан тамыр системасын колдоого жардам берет. Ошону менен бирге, таттуу азыктарга, анын ичинде мөмө-жемиштерге жана балмуздакка этият мамиле кылуу зарыл, анткени алар табитти ашыкча ачып жибериши мүмкүн.

Диетолог ошондой эле жогорку температураны жеңилирээк көтөрүү үчүн кеңседе жеңил кийим киүүнү жана мүмкүнчүлүк болсо, душка түшүп турууну кеңеш кылды.