«Киви анын курамындагы актинидин ферменти жана клетчатканын жардамы менен тамак сиңирүүгө жакшы таасир этет, бирок гастрит, аллергия же ашказан ширесинин кычкылдуулугу жогору болгон учурда былжыр челди дүүлүктүрүшү мүмкүн», — деди адис.
Кивинин курамындагы аллергендер — бул уруктарынын белоктору, актинидин ферменти, ошондой эле башка заттар, маселен, бензоаттар, салицилаттар, аминокислоталар жана тирамин.
Ичеги-карын жолдорунун оорулары, бөйрөктүн курч кармаган оорулары жана заара-таш оорусу (бөйрөктө таш болушу) бар адамдар кивини этияттык менен жеши керек.
Мындан сырткары, кош бойлуу жана бала эмизген энелер киви жегенге чейин дарыгер менен кеңешиши зарыл, себеби бул жемиш ымыркайда аллергия жаратышы мүмкүн.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий