Саат 18:33тө сейсмологдор күчү болжол менен 3,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөөнү катташкан. Очогу Кыргызстандын аймагында: Жар-Башы айылынан түштүк-батышты карай 6 чакырым, Кулчу айылынан түндүк-чыгышты карай 7 чакырым, Шибээ айылынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 126 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Чак, Кулчу жана Шибээ айылдарында 2,5 баллды түзгөн.

Үчүнчү сейсмикалык активдүүлүк саат 21:42де болуп, күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Нура айылынан түштүк-батышты карай 3 чакырым, Эркечтам айылынан түштүк-чыгышты карай 5 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 135 чакырым аралыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Нура жана Эркечтам айылдарында болжол менен 3 баллды түзгөн.

КР УИАнын Сейсмология институту ошондой эле 8-августта саат 10:23тө күчү 2,5 баллга жеткен жер силкинүүнү каттаган. Жер титирөөнүн очогу Новопавловка айылынан түштүк-батышты карай 4 чакырым, Бишкек шаарынан батышты карай 10 чакырым жана Сокулук айылынан чыгышты карай 15 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын силкинүүсү сезилген эмес.