- Зубную щетку нужно менять каждые 2-3 месяца и после болезни.
- Щетки из натуральной щетины способствуют размножению бактерий.
- Хранить щетку нужно в открытом виде щетиной вверх.
- Необходимо использовать зубную нить или ирригатор для межзубных промежутков.
- Посещать стоматолога нужно раз в год для профилактики.
Щетканы сейрек алмаштыруу: Аны ар бир 2-3 ай сайын, ал эми сасык тумоо же суук тийип ооруп айыккандан кийин дароо алмаштыруу зарыл. Болбосо кылдарында бактериялар чогулуп калат.
Табигый кылдуу щеткаларды сатып алуу: Алар экологиялык жактан таза көрүнгөнү менен, ичинде микробдор синтетикалык кылдарга караганда бир топ активдүү көбөйөт.
Щетканы туура эмес сактоо: Аны кутучага (футлярда) сактоо же кылын төмөн каратып коюу — бактериялардын өсүшү үчүн эң сонун шарт түзөт. Щетка жакшы кургашы үчүн аны ачык жерде, кылын өйдө каратып сактоо керек.
Тиш арасындагы боштуктарды унутуу: Щетка жетүүгө кыйын болгон жерлерге тие албайт. Тиш жиби — флосс же ирригатор колдонбосо, ал жерлерде кебер (налёт) чогулуп, кариеске жана бүйлө ооруларына алып келет.
Пастаны туш келди тандоо: Көйгөйүңүзгө жараша тандоо маанилүү. Фтордуу пасталар — кариеске каршы, фторсуз пасталар — эмалда тактар болсо (флюороз), ал эми атайын пасталар — сезгич тиштер же канаган бүйлөлөр үчүн колдонулат.
Тишти өтө тез же иретсиз тазалоо: Тишти эртең менен жана кечинде, эң аз дегенде 2-3 мүнөт тазалоо керек.
Тиш ооруганда гана баруу: Эч нерсе тынчсыздандырбаса дагы, жылына бир жолу пландалган текшерүүдөн өтүп туруу зарыл. Ошондо көйгөйлөрдү алгачкы баскычында аныктоого болот.
Профессионалдык тазалоону өткөрүп жиберүү: Үйдө канчалык жакшы кам көрсөңүз дагы, тиште баары бир кебер чогулуп калат. Жылына бир жолу аны стоматолог-гигиенисттен тазалатып туруу керек.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий