Гүлдөө мезгилинде аллергия көбүнчө дем алуу жолдорунун былжыр челин жабыркатат. Дарыгер түшүндүргөндөй, мурундун бүтүшү, суунун көп агышы, чүчкүрүү жана организмдин башка респиратордук реакциялары эң көп кездешкен симптомдор бойдон калууда.

Оору андан да оор өткөн учурда, кургак жана уюп-уюп кармаган жөтөл менен коштолгон аллергиялык трахеиттин, ошондой эле сезондук бронхиалдык астманын өрчүп кетүүсү мүмкүн экенин белгиледи Логина.

Эксперт ошондой эле оорунун күчөө мезгили белгилүү бир аллергенге байланыштуу экенин эске салды. Алсак, токой жаңгагынын чаңчасына болгон реакция көбүнчө эрте жазда, кайыңга — апрель жана май айларында, ал эми дан өсүмдүктөрүнө — жайдын башында байкалат. Жапайы чөптөргө, анын ичинде түштүк аймактардагы эрмен жана амброзияга болгон аллергия күзгө чейин сакталышы мүмкүн.

Адис кайчылаш тамак-аш аллергиясына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, эгерде чаңчага болгон сезгичтикти дарылабаса, убакыттын өтүшү менен тамак-аш азыктарына карата реакция пайда болушу мүмкүн. Мындай реакция мезгилге көз каранды болбой калат жана жыл бою сакталат.