Бул табигый кырсыктан келтирилген экономикалык зыян өлкөнүн ИДПсынын 2 пайызынан 20 пайызына чейинки көлөмдү түзүшү мүмкүн экени белгиленүүдө. Өлкөнүн ыйгарым укуктуу президенти Делси Родригес Венесуэлада өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин билдирди.

Каракастын эл аралык аэропорту имараттын жабыркаганына байланыштуу жабылганын Reuters кабарлайт.

Ошондой эле жер титирөөдөн кийин өлкөдө интернеттин иштеши начарлаганын NetBlocks эл аралык мониторинг кызматы билдирди. Жер титирөө энергетикалык жана телекоммуникациялык инфраструктуранын ишине терс таасирин тийгизгени айтылууда.

Өлкөнүн ички иштер министри Диосдадо Кабельо жердин кайрадан силкинүү коркунучу бар экендигин эскертип, тургундарды көчөдө калууга чакырды.