Президент Делси Родригестин айтымында, Венесуэлада 27 өлкөдөн келген 3 миң 300дөн ашык куткаруучу иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар кызматтары 6 миң 461 адамды куткарып калууга үлгүрүштү. Алсак, анын айтымында, Иорданиядан келген куткаруучулар урандылардын астында алты күн бою калып кеткен үч жашар баланы аман-эсен алып чыгышкан.

Эске салсак, 25-июнда Венесуэлада акыркы 126 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болгон.