Ал үчүн тайпалык этаптын Шотландияга каршы акыркы оюну дебюттук беттеш болуп калды. Неймар Бразилия курамасынын билдирмесине кошумча оюнчу катары кирген. Ал оюндун 76-мүнөтүндө голдун автору Матеус Куньяны алмаштырып, талаага чыкты. Бул убакытка чейин Бразилия 3:0 эсебинде утуп жаткан, Винисиус Жуниор дубль жасоого жетишкен.
Белилей кетсек, акыркы тур С тайпасы үчүн чечүүчү мааниге ээ, анткени плей-оффко чыга турган катышуучулар азырынча аныктала элек. Эки оюндан кийин Бразилия менен Марокконун энчисинде төрттөн упай бар. Ал эми Шотландияда үч упай. Катардагы беттеште Марокко бир дагы упай топтой элек, тайпанын аутсайдери Гаити курамасы менен ойноп жатат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий