Эми автоунаа куюучу жайларда Аи-92 бензининин литри 79,9 сом, Аи-95 — 85,9 сом, ал эми дизелдик отун — 93,8 сомду түзүүдө.

Бул акыркы убактагы күйүүчү майдын баасынын биринчи жолу көтөрүлүшү эмес. Ошол эле учурда, буга чейин бийлик мамлекеттик жөнгө салуу механизминин жардамы менен Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшүн ооздуктоо ниетин билдирген.

Бул схеманын алкагында ишкерлерге күйүүчү майдын сатып алуу жана чекене баасынын ортосундагы айырманы мамлекеттик каражаттардын эсебинен компенсациялоо пландаштырылган болчу. Бул үчүн Министрлер кабинети мунай өнүмдөрүн жеткирүүчүлөргө жана сатуучуларга субсидияларды төлөп бериши керек.

Жарыяланган колдоо чараларына карабастан, күйүүчү майдын баасы көтөрүлүүнү улантууда. Бул бүткүл өлкө боюнча ташуулардын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына таасирин тийгизиши мүмкүн.