Унааны мас абалында башкарып, экинчи жолу кармалган айдоочулар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилди;

Эгерде жаран административдик жаза алгандан кийин бир жылдын ичинде кайрадан рулга мас абалында отурса, ага 150 миң сомго чейин айып пул салынат же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат;

Алкоголдук же баңгизаттык мас абалында адамдардын ден соолугуна зыян келтирген жол-транспорт кырсыктары (ЖТК) үчүн жаза андан да катуу болот. Эгерде кырсык ден соолукка оор зыян алып келсе, күнөөлүү адам 5 жылдан 8 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат;

Ал эми кесепеттери өзгөчө оор болсо, жаза мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин созулат. Муну менен катар сот айдоочуну 12 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратат.

Унааларды эвакуациялоо эрежелери өзгөрдү:

Эми унааны айып короосуна мажбурлап алып кетүү так аныкталган учурларда гана мүмкүн болот.

жөө адамдар өтүүчү тилкелерде калтырылса,

өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын кыймылына тоскоолдук кылса,

майыптыгы бар адамдар үчүн орундарды ээлеп алса,

авариялык-куткаруу иштерине жолтоо болсо дароо алынып кетет.

Алгачкы жолу дөңгөлөктөрдү блоктоо механизми киргизилүүдө.

Автоунаалардан тышкары, рулду жана педалдарды блоктоо аркылуу мындай атайын түзүлүштөр мотоциклдерге, квадроциклдерге жана башка мототранспортторго да орнотулушу мүмкүн.

Документтери жок унаа башкаруу үчүн айып пулдар да олуттуу түрдө өзгөрүүдө.

Айдоочулук күбөлүгү, каттоо документтери же тийиштүү категориясы жок унаа айдагандыгы үчүн 10 эсептик көрсөткүч (1 миң сом) өлчөмүндө айып пул каралган. Ал эми такыр эле унаа башкаруу укугу жок адамдын рулга отурганы үчүн айып пул 150 эсептик көрсөткүчтү (15 миң сом), ал эми мурда айдоочулук укугунан ажыратылгандар үчүн — 200 эсептик көрсөткүчтү (20 миң сом) түзөт.