Долбоор менен төмөнкү өзүнчө эрежелерди бекитүү сунушталууда:
малды союуга чейинки ветеринардык кароодон өткөрүү жана этти (туш) экспертизалоо;
балыкты жана балык азыктарын текшерүү;
сүт жана сүт азыктарын экспертизалоо;
жумуртканы ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү.
Министрликтен белгилешкендей, учурда Кыргызстанда мындай экспертизаларды өткөрүүнүн системалуу түрдө жөнгө салынган тартиби жок. Бул мыйзамдардын ар башкача колдонулушуна алып келип, тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугун төмөндөтөт.
Негиздеме-маалымкатта жаныбарлардан алынган азыктар биологиялык жана химиялык булгануу, ошондой эле курамында антибиотиктердин, гормоналдык дары-дармектердин жана ГМО компоненттеринин болушу мүмкүндүгүнөн улам жогорку тобокелдик тобуна кирери баса белгиленген.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, жаңы эрежелер азык-түлүктүн коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүп, рынокко кооптуу продукциялардын кирип кетишинин алдын алууга тийиш.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий