ДСУ эскертти: Европа өзгөчө аптаптуу, ысык дооруна кирүүдө
Европаны каптаган өзгөчө ысык мындан ары сейрек кездешүүчү көрүнүш болбой калды жана кайталануучу кризиске айланууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европа аймактык бюросунун директору Ханс Анри Клюге билдирди.