- 20 июня в 17:00 в Кыргызском национальном академическом театре оперы и балета пройдет юбилейный вечер, посвященный 90-летию Кайыргуль Сартбаевой.
- В концерте примут участие известные артисты, хор и симфонический оркестр театра.
- Кайыргуль Сартбаева создала более 50 образов на сцене, ее творческое наследие включает более 600 записей арий, романсов и песен.
Концерттик программада белгилүү ырчынын шакирттери жана кесиптештери — Кыргыз Республикасынын эл артисттери Асель Бекбаева, Замира Мавлянова, эмгек сиңирген артисттер Бактыгүл Бокоева, Айзирек Момунова, Заира Раимбекова, Салим Балтаева, ошондой эле солисттер Ольга Шутова жана Полина Попикова дүйнөлүк жана улуттук классикалык чыгармаларды аткарышат.
Юбилейлик кечеге театрдын академиялык хору жана симфониялык оркестри катышат. Дирижёру — Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каниметов.
Кайыргүл Сартбаева кыргыз опера өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, сахнада 50дөн ашык унутулгус образдарды жараткан. Анын чыгармачыл мурасы 600дөн ашуун ария, романс жана ырлардын жазууларын камтыйт. Белгилүү опера ырчысы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өнөр көрсөтүп, кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде даңазалаган.
Мааракелик кече өнөр ээсинин улуттук музыка искусствосун өнүктүрүүгө жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор эмгегине арналат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий