- Европа переживает период экстремальной жары, которая становится повторяющимся кризисом.
- Июнь 2023 года стал одним из самых жарких за всю историю метеонаблюдений в Европе.
- Во Франции с 24 июня зафиксировано около 1000 случаев избыточной смертности, в основном среди людей старше 65 лет.
- В Испании в июне от жары погибли 892 человека.
- ВОЗ призывает европейские страны усилить меры защиты населения от жары.
Анын айтымында, июнь айы Европадагы метеорологиялык байкоолордун бүткүл тарыхындагы эң ысык айлардын бири болду. Ал эми континенттин өзү дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө караганда эки эсе тез ысып жатат. «Бул ысык — тек гана репетиция», — деп баса белгилеген Клюге, аптаптуу күндөр барган сайын тез-тез кайталанып, узакка созулуп жана күч алып жатканын кошумчалады.
ДСУнун маалыматы боюнча, 24-июндан бери Францияда ашыкча өлүмдүн миңге чукул учуру катталган. Алардын көбү — 65 жаштан ашкан адамдар. Бир катар шаарларда тез жардам чакыруулардын саны дээрлик эки эсеге өскөн.
Испанияда өлүмдүн деңгээлин көзөмөлдөөчү улуттук тутум июнь айындагы аптаптын айынан каза болгондордун санын 892 адам деп баалады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму европалык өлкөлөрдү калкты ысыктан коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды. Кеп алдын ала эскертүү тутумдарын өнүктүрүү, коомдук салкын жайларды түзүү, ошондой эле кары-картаңдарга жана калктын башка аялуу катмарына кошумча колдоо көрсөтүү жөнүндө болуп жатат. Клюгенин айтымында, мындай чаралар бүгүнкү күндүн өзүндө эле адамдардын өмүрүн сактап калууда жана кийинки келе турган өзгөчө аптап толкундарына даярдыктын милдеттүү бөлүгү болушу керек.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий