Экономикалык өсүшкө бардык негизги тармактар оң салым кош кон:

Курулуш тармагы эң чоң өсүштү көрсөттү — 60,6%;

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү — 6,1% га өстү;

Жалпысынан өнөр жай тармагындагы өсүү 11,2% түздү.

Тармактар боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:

Химиялык продукцияны өндүрүү — 2,9 эсеге көбөйдү;

Тазартылган мунайзаттарды өндүрүү — 1,8 эсеге өстү;

Транспорт каражаттарын өндүрүү — 41,8%;

Курулуш материалдарын өндүрүү — 33,6%;

Пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү — 16,9%;

Фармацевтикалык продукцияны өндүрүү — 13,0%;

Негизги металлдарды өндүрүү — 8,5%;

Министрлер кабинетинин башчысы мындай экономикалык динамиканы абдан жогору жана позитивдүү деп атады. Ал 2026-жылдын башынан тартып республикада негизги капиталга салынган инвестициялардын рекорддук өсүү темпи катталганын кошумчалады. Алардын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8% га өстү. Негизги капиталга салынган инвестициялардын өсүшү ички булактардын 1,4 эсеге, сырткы булактардын 3,1 эсеге көбөйүшүн эсебинен камсыз болду.

Кеңешмеде чакан жана орто ишкерчиликти комплекстүү колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер кабинетинин башчысы өкмөт тарабынан ата мекендик ишкерлер үчүн мамлекеттик программалардын жана жеңилдетилген кредиттөө долбоорлорунун комплекси ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Кабыл алынган чаралардын аркасында чакан жана орто ишкерчилик сектору жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылы чакан жана орто ишкерчилик субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жалпы кошумча нарктын көлөмү 54,5% га өсүп, 1 триллион 15 млрд сомду түздү.