Ош шаарына 20дай мектеп автобусу сатып алынат
Ош шаарында шаардын четки аймактарында жашаган окуучуларды мектептерге ташуу үчүн 20га жакын мектеп автобусу сатылып алынууда. Бул тууралуу мэр Жанарбек Акаев Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземинде билдирди.