Ош шаарында долбоордун бет ачары учурунда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев айланып өтүүчү жолду куруу зарылдыгы Куршаб айылындагы такай пайда болгон тыгындар жана жергиликтүү тургундардын көптөгөн кайрылуулары менен байланыштуу экенин белгиледи.

«Узундугу 8 жана 13 чакырым болгон эки вариант каралган. Биз 8 чакырымдык вариантка токтолдук», — деди ал.

Эске салсак, Ош — Өзгөн жолу өлкөнүн түштүк аймактарын борбор калаа менен байланыштырган Ош — Бишкек эл аралык трассасынын бир бөлүгү болуп саналат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул тилкеде унаа кыймылынын интенсивдүүлүгү суткасына 20 миңден ашык автоунааны түзөт, андыктан келечекте жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү пландалууда.