Мэриянын маалыматы боюнча, текшерүүлөр 13-июлда башталган. Рейддерди Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистеринен, ошондой эле ветеринардык кызматтын өкүлдөрүнөн куралган комиссия жүргүзүүдө.

Мониторинг учурунда Курманжан Датка жана Аскар Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан онго жакын кафе жана тез тамактануучу жайларда санитардык-гигиеналык нормалардын бузулушу, ошондой эле продукциянын сапатын тастыктаган документтердин жоктугу аныкталган. Мыйзам бузуулар толук четтетилгенге чейин бул объекттердин иши убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, комиссия мыйзамсыз ишмердүүлүк фактыларын да аныктаган. Алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле айрым мекемелердин жетекчилерине имараттарды баштан-аяк тазалап, дезинфекциялоо тапшырмасы берилди.