Ошто мыйзам бузуулардан улам турак жай комплексинин курулушу токтотулду
Ош шаарында «Буссоль» ЖЧКсынын объектисиндеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Ош шаарында «Буссоль» ЖЧКсынын объектисиндеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
КР Эсептөө палатасы 2025-жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКында дээрлик бир миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталганын маалымдады.
Казакстандын президенти жаңы Конституциянын кабыл алынышына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Акордо билдирет.
Баткен облусунда милиция кызматкерлери балдар үйүнүн 11 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук ИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкектеги медреселердин биринде массалык тамак-аштан уулануунун кесепетинен жабыркагандардын саны 58 кишиге жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери билдирди.
Бишкектеги медреселердин биринде тамак-аштан массалык түрдө уулангандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбордук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
УКМК Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында иштеп жаткан баңгизаттарды ташуунун жана сатуунун ири каналына бөгөт койду. Атайын операциянын жүрүшүндө 10 килограммдан ашык тыюу салынган заттар алынып, шектүүлөр кармалды.
Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 30,5 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Нарын шаарынын тургунун аныкташты. Ал өз үйүнүн короосунда сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын кургатып жаткан. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери автоунааны буту менен башкарып, Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочунун өздүгүн аныкташты.
Президент Садыр Жапаров «Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын мыйзамдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандыктарга техникалык паспорттор электрондук форматта бериле баштады. Бул тууралуу журналисттерге Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жаныбай Дыйканов билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзинь-Уйгур автономиялуу районунун Или-Казак автономиялуу округуна караштуу Кулжа шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны О. К. каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкерлери мамлекеттик чек ара аркылуу малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 6 миң 621 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 44 пайызга көп. Бул тууралуу ИИМ маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталында келтирилген.
Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан улуттук пенсиялык тутумга чегерүүлөр кармалып турган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышат. Бул тууралуу «Биринчи радио» угуусунда Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.
Президент Садыр Жапаров «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.