Өлкөнүн эң ири стратегиялык ишканаларынын бирин текшерүүнүн жыйынтыгы КР Эсептөө палатасынын кеңешинде каралганы такталды.

Аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 967,8 миллион сомду түздү. Анын ичинен 135,9 миллион сому милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш. Аудит учурунда анын болгону 8,9 миллион сому гана калыбына келтирилген.

Эң чоң чыгымдар натыйжасыз башкарууга байланыштуу экени белгиленди. Ведомствонун маалыматы боюнча, өндүрүштүк чечимдердин өз убагында кабыл алынбаганынан улам «Кыргызнефтегаз» жана анын туунду компаниясы 495 миллион сом өлчөмүндөгү потенциалдуу кирешесин албай калган. Ал эми эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө дагы 281,4 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Ошондой эле, текшерүүдө ишкананын жетекчилиги 120 миллион сомдук учурдагы жана узак мөөнөттүү дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди камсыз кылбаганы такталган. Дагы 54 миллион сом ченемден ашыкча жана негизсиз чыгымдарга жумшалган.

Мындан сырткары, капиталдык курулушта, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө жана жерлерди калыбына келтирүүдө да мыйзам бузуулар табылган.

Ачык акционердик коомго (ААК) аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана коомдун кирешесине 126 миллион сомдон ашык каражатты кайтаруу боюнча эскертүүлөр берилди. Аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.