Атайын кызматтын маалыматы боюнча, иликтөө иштеринин алкагында баңги каражаттарын ташуу, сактоо жана жайылтуу менен алектенген уюшкан топ аныкталган. Бишкекте бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда 10 килограммдан ашык баңгизат табылып алынган. Ошондой эле борбор калаанын четинде кара куурай өстүрүүчү ферма аныкталып, жок кылынды.

Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө тиешеси бар деген шектүү менен Кыргызстандын алты жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми Ош облусунда дагы бир шектүү кармалып, андан 6 килограмм гашиш табылып алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Укук коргоо органдары баңгизат жеткирүүнүн башка дагы каналдарын жана кылмыштуу схеманын калган катышуучуларын аныктоо иштерин жүргүзүп жатышат.