- За январь-март 2025 года в Кыргызстане зарегистрировано 6 621 случай семейного насилия, что на 44% больше, чем за аналогичный период прошлого года.
- Возбуждено 183 уголовных дела по тяжким преступлениям против близких родственников, из них 109 передано в суд.
- Зафиксировано 11 убийств, 11 случаев умышленного причинения тяжкого вреда здоровью, 8 случаев легкого вреда, 6 фактов сексуального насилия и 1 принуждение к сексуальным действиям.
- По статье 177 УК КР (семейное насилие) квалифицировано 14 дел, еще 80 фактов проходят по смежным статьям.
- Составлено 2 645 протоколов по статье 70 Кодекса о правонарушениях, 2 557 передано в суд; 1 461 человек арестован, 657 привлечены к общественным работам.
Жакын туугандарына карата жасалган оор кылмыштардын саны да кескин өскөн. Үч айдын ичинде 183 кылмыш иши козголуп, анын ичинен 109 иш сотко жөнөтүлгөн.
ИИМдин маалыматы боюнча, үй-бүлөдөгү катаал зомбулуктан улам козголгон кылмыш иштеринин саны боюнча Чүй облусу дагы эле алдыда келе жатат.
Кылмыш иштерин талдоо көрсөткөндөй, үй-бүлө ичиндеги эң катаал кылмыштардын саны кескин өскөн. Үч айдын ичинде төмөнкүдөй фактылар катталган:
Киши өлтүрүү — 11 адам өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунан каза тапкан;
Ден соолукка атайлап оор залал келтирүү — 11 факт;
Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү — 8 факт;
Сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулук аракеттери — 6 факт;
Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо — 1 факт.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча 14 иш квалификацияланган. Дагы 80 факт кылмыш мыйзамдарынын башка чектеш беренелери боюнча өтүүдө.
Мындан сырткары, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси боюнча милиция тарабынан 2 миң 645 протокол түзүлүп, анын 2 миң 557си сотко өткөрүлгөн. Соттун чечими менен 1 миң 461 үй-бүлөлүк бейбаш камакка алынып, 657 адам коомдук жумуштарга тартылган.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий