- Кабинет министров внес изменения в постановление о временном запрете вывоза овец породы Арашан за пределы Кыргызстана.
- Решение принято 21 мая.
- Из временного экспортного ограничения исключены племенные овцы и скот, экспортируемый государственным оператором «Кыргыз Агрохолдинг».
- Изменения направлены на обеспечение продовольственной безопасности и стабилизацию цен.
- Министерству водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности, Государственной таможенной службе и Пограничной службе поручено усилить меры по пресечению незаконного вывоза сельхозживотных.
Документке ылайык, убактылуу экспорттук чектөөдөн асыл тукум койлор, ошондой эле КР аймагында багылбаган жана мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасы тарабынан экспорттолуучу малдар чыгарылды.
Буга чейин чектөөлөр өлкөдө өстүрүлгөн бодо мал, жылкы, кой жана эчкилерди сыртка алып чыгууга жайылтылып келген. Иштелип чыккан өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана азык-түлүк товарларына болгон бааларды турукташтырууга багытталганы белгиленет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз алып чыгууну токтотуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Эрлист Акунбеков «Арашан» породасындагы асыл тукум койлорду багуучулар менен жолугушууда бул породаны эл аралык рынокко чыгаруу пландары бар экенин билдирген болчу.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий