Буга чейин чектөөлөр өлкөдө өстүрүлгөн бодо мал, жылкы, кой жана эчкилерди сыртка алып чыгууга жайылтылып келген. Иштелип чыккан өзгөртүүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана азык-түлүк товарларына болгон бааларды турукташтырууга багытталганы белгиленет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Мамлекеттик бажы кызматына жана Чек ара кызматына Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба жаныбарларын мыйзамсыз алып чыгууну токтотуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, Буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Эрлист Акунбеков «Арашан» породасындагы асыл тукум койлорду багуучулар менен жолугушууда бул породаны эл аралык рынокко чыгаруу пландары бар экенин билдирген болчу.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий