Буга чейин жарандар мамлекеттик актыларды, жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна документтерди жана үлүш китепчелерин тариздеши керек болчу. Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта кадастрдык план киргизилди. Ал сүрөткө тартууну жогорку тактыкта жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү GPS-кабылдагычтарды колдонуу менен даярдалат.

Кадастрдык план уюлдук тиркеме аркылуу жеткиликтүү. Документте жер тилкеси чек аралары, юридикалык тарабы жана координаттары көрсөтүлөт.

Апрель айынын аягынан тарта техникалык паспорттор дагы электрондук түрдө бериле баштады. Аларды дагы уюлдук тиркеменин жардамы менен текшерүүгө болот.

Адис кадастрдык план менен техникалык паспорт эки башка документ экенин белгиледи.

«Көпчүлүк муну адаштырып алышат. Кадастрдык планда жер тилкесинин чек аралары, юридикалык аянты жана координаттык чекиттери көрсөтүлөт. Ал эми техникалык паспортто иш жүзүндөгү жана юридикалык аянттары, курулуштун планы жана башка техникалык мүнөздөмөлөрү — объекттин салынган жылы, кабаттуулугу, инфраструктурасы, дубалдарынын материалдары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт», — деп түшүндүрдү ал.

Мурда берилген техникалык паспорттор юридикалык күчүн сактайт. Жаңылары техникалык кароодон өткөрүү боюнча жаңы арыздар түшкөндө гана берилет. Муну менен бирге эски техникалык паспортту алмаштырууга да болот. Жаңы документ ошондой эле объекттин кандайдыр бир элементтери өзгөргөн учурда да таризделет.

«Үч негиз бар: техникалык кароодон өткөрүүгө жаңы арыз, эски техникалык паспортту өз ыктыяры менен алмаштыруу же имараттын конструкциялык элементтеринин өзгөрүшү. Мына ушул учурлардын негизинде биз жаңы техникалык паспортторду бере баштадык», — деди Жаныбай Дыйканов.