Жээнбек КулубаевТүркиянын президенти менен жолукту: Эмнелер талкууланды?
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Көздүн торчосу көрүүнүн курчтугун сактоо жана жашка байланыштуу өзгөрүүлөрдүн алдын алуу үчүн туура нутриенттердин дайыма келип турушуна муктаж. Бул тууралуу «Газета.Ru» басылмасына офтальмолог-дарыгер Екатерина Сороколад билдирди.
Кыргызстан тез медициналык жардам кызматы үчүн 150 унаа сатып алат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.
Карагаттан жасалган кыям мээнин саламаттыгын сактоого жардам берет. Бул тууралуу Красногорск ооруканасынын терапевт-дарыгери Екатерина Сысоева «Подмосковье сегодня» басылмасына берген маегинде билдирди.
Футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионатында 1/8 финалда ойной турган алгачкы жуп аныкталды.
2025-жылы Кыргызстанга түз инвестициялар 27 пайыздан ашык өсүп, 1,3 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн ШКУнун бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.
Футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын алгачкы жуптары белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты. 1/16 финалда турнирдин кожоюндарынын бири — Канада курамасы Түштүк Африка Республикасы менен кездешет.
Япониянын жээктеринде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Төрт адам жабыркаганы кабарланууда.
Бишкектеги М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун базасында 23-июнда боорду алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды. Бул тууралуу «Биринчи радио» түз эфиринде борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, КРнын эмгек сиңирген дарыгери Эрнис Тилеков билдирди.
Ош — Сары-Таш — Эркечтам автожолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылы аяктайт. Окумуштуулар бул чектөөнү узартуу зарыл деп эсептешет. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Шайгүл Асылбаева билдирди.
Манас шаарында Daewoo Tico унаасынын айдоочусунун өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынан кийин кармалган BMW X5 унаасынын 17 жаштагы айдоочусунун достору видеокайрылуу жазышып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги реформанын алкагында 96 кызматкер кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев билдирди.
Кара жүзүм менен черниканы дайыма жеп туруу жүрөк-кан тамыр системасынын саламаттыгын колдоого жардам берет жана кан тамырлардын абалын жакшыртат. Бул тууралуу акыркы он жылдыктагы байкоолордун жыйынтыгын талдоого алган «Nutrients» илимий журналына шилтеме берүү менен «Лента.ру» билдирди.
Бишкектеги медреселердин биринде тамак-аштан массалык түрдө уулангандардын саны 44 адамга жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбордук Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Бишкекте «Арча-Бешик» конушундагы медреселердин бирине баргандан кийин тамак-ашка уулануу белгилери менен 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Депутат бала бакчалардагы медайымдардын макамын көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Бекешев билдирди.
«75-кат». Күч түзүмдөрү кылмыш ишинин фигуранттары суракка алынган видеону ким жана кантип таратып жибергенин билишпейт.
Армениянын азыркы премьер-министри Никол Пашиняндын партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, өкмөттү жалгыз өзү курайт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыктарды чыгарды.
Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.