- 17-летний водитель BMW X5 задержан после ДТП, в котором погиб водитель Daewoo Tico.
- Друзья задержанного опубликовали видеообращение с просьбой не распространять непроверенную информацию.
- Друзья утверждают, что подросток сам явился в полицию и прошел все процедуры, включая медосвидетельствование.
- Опровергаются слухи о том, что подросток из богатой семьи и избежит ответственности; его родители работают в России.
- ДТП произошло 23 июня на перекрестке улиц Курманбека и С. Качкынбаева в городе Манас.
Алардын айтымында, социалдык тармактарда өспүрүм кырсык болгон жерден качып кеткен, кийин аны укук коргоо органдары кармашкан деген маалыматтар тараган. Бирок жаштар өздөрүнүн досу милиция кызматкерлерине өзү барганын жана медициналык күбөлөндүрүүнү кошкондо, бардык зарыл болгон процедуралардан өткөнүн айтышууда.
«Биз бул жерге досубузду актоо үчүн чогулган жокпуз. Мунун баарын тергөө териштирсин. Бирок азыр көптөгөн жалган маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан биз тактык киргизүүнү каалайбыз», — деп айтылат кайрылууда.
Достору кармалган өспүрүм таасирдүү же бай адамдардын уулу экени жана жоопкерчиликтен кутулуп кетет деген кептерди четке кагышты. Алардын айтымында, өспүрүмдүн ата-энеси Орусияда иштешет жана колунда бар адамдардын катарына кирбейт.
Мындан тышкары, алар досунун спирт ичимдик ичпегенин жана тамеки чекпегенин, спорт менен алектенип, буга чейин мыйзамга каршы келген иштерге аралашпаганын билдиришти.
Кайрылуунун катышуучулары каза болгон айдоочунун үй-бүлөсүнө көңүл айтышып, коомчулуктан тергөөдөн расмий жыйынтыктарын күтүүнү суранышты.
Эске салсак, кырсык 23-июнга караган түнү Манас шаарынын Курманбек жана С. Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. BMW X5 жана Daewoo Tico унааларынын кагылышуусунан улам акыркысынын айдоочусу окуя болгон жерде каза тапкан. Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий