Анын айтымында, мектепке чейинки мекемелердеги медайымдардын эмгеги техникалык кызматкерлерге теңелип калган.

«Бул абдан туура эмес. Бала бакчалардагы медайымдардын айлыгын пол жуугучтардыкындай эле көтөрүп, 5 миң сом гана үстөк акы белгилешкен. Ал эми аткарган жумушу абдан көп. Алар коомдук саламаттыкты сактоо менен алектенишет, санитарияны, бала бакчанын тарбиялануучуларынын тамак-ашын, төшөнчүлөрдүн тазалыгын көзөмөлдөшөт. Андан сырткары балдардын ден соолугуна кам көрүшөт. Мындай мамилени кайра карап чыгып, медайымдардын макамын көтөрүү керек», — деп эсептейт Дастан Бекешев.

Эске салсак, Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин, тагыраагы медсестралардын айлыгы 1-апрелден тарта, чиновниктердин айтымында, дээрлик үч эсеге көтөрүлгөн.

Эгерде буга чейин тажрыйбасы жана кошумча акылары жок медайымдын базалык айлыгы 11 миң 968 сомду түзсө, 1-апрелден тарта аны 19 миң 360 сомго чейин көтөрүүнү убада кылышкан.

«Бул суммага бир ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндөгү президенттик компенсация кошулган. Ошентип, 36 миң сом чегерилет, ал эми колго медсестра 29 миң сом алат»

, — деп түшүндүрүшкөн Саламаттыкты сактоо министрлигинен.