Фото ЖМК. Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдын алгачкы жубу белгилүү болду

Бүгүн Марокко курама командасы Нидерландыны утуп алып (1:1, пенальти боюнча — 3:2), 1/8 финалда турнирдин кожоюндарынын бири — Канада курамасы менен кездешмей болду. Оюн 4 -июлда АКШнын Хьюстон шаарында өтөт.

Эске салсак, дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. Турнир 19-июлда аяктайт. Учурдагы чемпион — Аргентина курама командасы.

Ошондой эле 1/8 финалдын дагы эки катышуучусу белгилүү болду. Алар — Бразилия жана Парагвай.