Медициналык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн медпункттарды, мобилдик медициналык түзүмдөрдү жана мобилдик госпиталды жайгаштыруу, ошондой эле тез жардам бригадаларын күчөтүү каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иш-чараларды медициналык жактан камсыздоо үчүн мобилдик госпиталь өткөрүп берет. Ал зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн колдонулат.

Ошондой эле 600дөн ашуун медициналык кызматкерди, анын ичинде алгачкы медицина-санитардык жардам адистерин, дарыгерлерди, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлерин, тез жардам бригадаларын тартуу пландалууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинде медициналык кызматтардын күнү-түнү координацияланышын камсыз кылган ыкчам штаб иштеп жатат. Медициналык бригадалардын, дары-дармектердин, медициналык жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви түзүлдү.

Бейтаптар массалык түрдө түшкөн учурда, инфекциялык жана инфекциялык эмес коркунучтарда, ууланууларда, жаракат алууларда жана башка өзгөчө кырдаалдарда чукул жардам көрсөтүүгө медициналык уюмдардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. Мейманканалар, тамактануу жана эс алуу жайлары, ичүүчү суунун сапаты жана эл аралык иш-чаралардын катышуучулары менен конокторунун коопсуздугун камсыз кылууда мааниси бар башка объекттер санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө алынууда.