Жалпысынан алар 66 миңге жакын студентти, анын ичинде 9,5 миңин гранттык (бюджеттик) орундарга, 56 миңден ашыгын келишимдик (контракттык) негизде кабыл алууну пландаштырууда.

Кабыл алынгандардын саны боюнча алдыңкы тармактар: педагогикалык жана гуманитардык адистиктер, экономика жана финансы, медицина, маалымат технологилары (IT), ошондой эле юриспруденция.

Колледждерде дагы бүгүн кабыл алуу өнөктүгүнүн акыркы туру старт алды. Абитуриенттер үчүн босого балл төмөндөтүлдү.