Долбоор Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып, тасманы тартууда заманбап кинематографиялык ыкмалар жана жасалма интеллект технологиялары колдонулган.

Белгиленгендей, киноэпопеяны жаратууга Кыргыз улуттук «Манас» театры да чыгармачылык салым кошкон.