- Форум женщин ШОС проходит в Бишкеке 26-27 июня 2026 года
- Тема форума: 'Женское лидерство'
- Участвуют представители госорганов, международных организаций, эксперты, женщины-предприниматели
- Обсуждаются вопросы расширения роли женщин в общественно-политической и экономической жизни
- Форум проходит в государственной резиденции 'Эне-Сай'
Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер, аял ишкерлер жана аялдар кыймылынын лидерлери чогулду.
Жолугушуунун негизги темасы — аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык жашоодогу ролун кеңейтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү процесстерине аялдардын катышуусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болду.
Форумдун алкагында катышуучулар аялдардын лидерлиги, чечимдерди кабыл алууга аялдардын катышуусу, экономикалык өнүгүү, гендердик теңчилик жана чөлкөмдөгү мамлекеттер ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Программа үч негизги багытты камтыйт:
«Аялдардын лидерлиги: саясий жана коомдук чечимдерди кабыл алуудагы аялдардын ролу»;
«Экономикалык өнүгүүдөгү аялдардын ролу»;
Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча панелдик талкуу.
Иш-чара Бишкек шаарындагы «Эне-Сай» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий