- Поддержка ювелирного сектора позволит создать около 100 тысяч рабочих мест.
- В рамках кампании по легализации ювелирных изделий 942 предпринимателя легализовали свои активы на сумму почти 16,8 млрд сомов.
- Кампания по легализации завершилась 1 марта 2026 года.
- Меры поддержки включают снижение единого налога, освобождение от НДС на импорт технологий, льготные кредиты под 6% годовых.
Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет бул тармакка ырааттуу жана натыйжалуу колдоо көрсөтүп келет.
«Кабыл алынган чечимдер комплекстүү чараларды камтыйт: бирдиктүү салыкты төмөндөтүү, технологиялар менен жабдуулардын импортун КНСтен бошотуу, зер буюмдарын кеңири масштабда мыйзамдаштыруу, ата мекендик зергерлерге кыргыз алтынын берүү, ошондой эле зергерчилик өндүрүшү үчүн жабдууларды жана технологияларды сатып алууга жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыяларды берүү», — деди Азамат Макешев.
Ал 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын мыйзамдаштыруу кампаниясы расмий түрдө аяктаганын эске салды. Акциянын алкагында 942 ишкер өз ыктыяры менен зер буюмдарын мыйзамдаштырган. Активдердин жалпы суммасы дээрлик 16,8 миллиард сомду түздү.
Бул өндүрүштү көмүскө сектордон чыгарууга шарт түзүп, тармактын инвестициялык дараметин арттырды.
Дүйнөлүк керектөөдө казылып алынган алтындын 55 пайызы зергерчилик өндүрүшүнө, ал эми калганы инвестицияга, улуттук банктарга, технологияларга жана башка тармактарга жумшалат.
КР Зергерлер ассоциациясы 1998-жылдан бери иштеп келет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий