Бирок дагы деле тактала элек аймактар бар, учурда муниципалдык менчик башкармалыгы документтештирүү маселесин карап жатат. Жыйынтыгында Бишкекте жалпысынан 36 көрүстөн болот.

Учурда алты объект жаңы сөөктөрдү коюу үчүн жабылган.

Жыйында белгиленгендей, 2026-жылга карата аталган агенттикке жалпысынан 32,4 миллион сом бөлүнгөн, анын ичинен 4,2 миллион сому тууган-туушканы жокторду (ээсиз сөөктөрдү) көмүүгө каралган. Каражаттын негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат.

2025-жылы сөөктү коюу кызматтарынан болжол менен 28 миллион сом түшкөн.