«Биз Бишкек, Ош жана облус борборлорунда куруп жатканыбызды билесиздер, бирок эми ал жерлерде токтотуп, айылдарга, райондук борборлорго жана чакан шаарларга киребиз. Айылдарда кезекте турган адамдар абдан көп, алардын чыдамы түгөнүп баратат», — дед Садыр Жапаров.

Президент аймактарда да жеткиликтүү турак жайга суроо-талап жогору экенин, андыктан жарандарды батир жана үйлөр менен камсыздоо иштери ири шаарлардан тышкары жерлерде улантыларын белгиледи.