VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук иш-чараларга жалпысынан 2800 — 3000дей спортчулар катышып, 43 спорттун түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Анын жыйырмасы улуттук спорттун түрлөрү, ал эми калганы чет өлкөлүк спорттун түрлөрү болмокчу.

Эскерте кетсек VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек шаарындагы жаңы «Бишкек аренада» уюштурулса, спорттук оюндар Ысык-Көлдө уюштурулат.