- В Астане открылся V Евразийский экономический форум
- Президент Казахстана Касым-Жомарт Токаев встретил президентов Кыргызстана и Беларуси
- На форум прибыли лидеры России, Армении, Кубы, Ирана, Вьетнама, Монголии и ОАЭ
- Тема форума: 'ЕАЭС в глобальной цифровой гонке: акцент на искусственный интеллект'
Маалыматка ылайык, конгресс-борбордун имаратында Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларустун президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алды. Ошондой эле иш-чарага Россиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян келишти.
Мындан тышкары форумга Кубанын вице-президенти Сальвадор Меса, Ирандын өнөр жай, кен иштетүү жана соода министри Сейед Атабак, Вьетнамдын вице-премьер-министри Хо Куок Зунг, Монголиянын вице-премьер-министри Нямтайширын Номтойбаяр жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди катышты.
Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин катышуучулар Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынын өткөрүү үчүн залга өтүштү.
Белгилей кетсек, V Евразия экономикалык форуму "ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо"деген теманын алдында өтүүдө.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий